Радио

Аскалиев: "Белестин" кийинки кадамы өкмөттүн буйрутмасынан көз каранды

"Белес" компаниясынын башкы директору Мирбек Аскалиев аталган компания эл аралык автомобиль өндүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөсү экенин айтты.
Sputnik
2007-жылдан баштап Европадан жеңил унаа, 2010-жылдары чоң машиналарды ташып иштедим. Ал эми 2012-жылы автоунаа өндүрүү жаатында эмгектене баштагам. Эл аралык мамилелер жаатындагы кесипкөй юрист болгонум менен кичинемден бери техникага жакынмын, колум да билет. Мирбек Аскалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып эми техникалык билим алууну көздөп жатам дейт.
Анын айтымында, Кыргызстанда автобустардын сапатын текшере турган тиешелүү лабораториялар жок. Андыктан автобусту Россияга алып барып текшертип, сертификациядан өткөргөнбүз.
"2012-жылдан баштап автоунаа өндүрүү жаатында аракеттерди көрүп, "Белес" компаниясы негизделген. Чоң автоконцерндер менен биргеликте унаа өндүрсөк ЕАЭБ боюнча 170 миллион кишилик рынок ачылат десек да аларды кызыктара алган жокпуз. 2018-жылдын аягы өз алдынча автобус өндүрүүнү баштадык. Ага чейин автоконцерндер менен сүйлөшүп, өндүрүштү көрүп, ошондой эле унаа куроо боюнча адистерди Европа, Түркияда окуттук. 2019-жылы Кара-Балтадагы заводдо "Белес" компаниясы башка үч (DAF, ZF, Paccar) автоконцерн менен биргеликте чет элдик инженерлердин көзөмөлүндө автобустарды чыгара баштаган. Биз расмий презентация жасаган жокпуз. Алгач сертификат алалы дегенбиз, бирок кимдир бирөө автобустардын фото жана видеолорун таратып салды. Ошол жылдары эле өкмөткө биздин автобустарды буйрутма берип сатып алууну сунуштадык. Азыр мамлекет 10 автобусту сыноо иретинде алууну пландап жатканы айтылды. Бирок келишимге кол коюла элек. Азыр автобустун баасы 186 миң евро деп бааланууда (20 жылдык ресурсу бар). Себеби тетиктери абдан сапаттуу. Бул баа Кыргызстан үчүн кымбат болгону менен Россия үчүн арзан. Учурда биздин кийинки кадамыбыз өкмөттүн буйрутмасынан көз каранды. Себеби башка мамлекеттерден буйрутма алуу үчүн автобустар өз мамлекетибизде ийгиликтүү колдонулушу керек. Завод келечекте өлкөдөгү башка ишкана менен фабрикалар иштеше алат (мисалы, Токмоктогу айнек заводу). Бул ата мекендик өндүрүш болуп, көптөгөн адамдарды жумуш менен камсыздап, машина куроо жаатында билим алган студенттер үчүн тажрыйба алуучу жана кийин иштеп калчу завод болот", — деди Аскалиев.
Ал ишкана ЕАЭБдин техникалык регламентинин бардык талаптарына жооп берерин, келечекте жергиликтүү рынокту сапаттуу автобустар менен камсыздап, эл аралык рынокко чыгууну да пландап жатканын кошумчалады.