Баласы кылмыш кылган энеге Баатыр эне ордени берилиши керекпи? Талкуу

Быйыл Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен 1 585 аял сыйланат. Жогорудагы сыйлыкка көрсөтүү тартибин өзгөртүп, мыйзамга толуктоо киргизүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Көп балалуу энелерге мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилиши керектиги да айтылууда.
Sputnik
Ушул сыйлыктарга байланышкан маселенин күнгөй-тескейи тууралуу КР президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти Назира Бердибаева, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо жана ЖКнын V чакырылышынын депутаты Дамира Ниязалиева Sputnik редакциясына маек куруп, ой-пикирлерин билдирген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр 15 жаштан 55 жашка чейинки 150 миңден ашык аялга эне болуу бактысы буюрган. Энелердин орточо курагы 23 жашты түзгөн. Аялдардын 27 пайызга жакыны биринчи жолу, дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи ирет балалуу болгон. Ал эми булардын 13 пайызы 4 же андан көп баланын энеси.
— Учурда Баатыр эне ордени менен сыйлоонун тартиби кандай?
Назира Бердибаева: — "КРдин мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Баатыр эне ордени менен жети же андан ашык бала төрөгөн энелер сыйланып келген. Баланын таалим-тарбиясы, ой жүгүртүүсү, дене түзүлүшү жана адеп-ахлактуу өнүгүүсү жагынан талаптагыдай камкордукту камсыздаган энелер наамга көрсөтүлөт. Дагы бир маселе, жетинчи баласы бир жашка толгондон кийин бардык балдары аман-эсен болсо алат. Мыйзамда белгиленгендей, асырап алынган балдар эне менен үч жылдан ашык чогуу жашашы керек. Экинчиден, балдары Ата Мекенди коргоп же жарандык милдетин аткарып жатып кайтыш болгондугу да эске алынат.
Эксперт секретариата комиссии по государственным наградам администрации президента Назира Бердибаева
— Балдарын жакшы тарбиялап жаткан энелер гана сыйлансын деген пикирлер бар. Мирлан мырза, буга чейин парламенттен да ушул тууралуу пикириңизди айткан элеңиз?
Мирлан Самыйкожо: — "Баатыр эне орденинин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр керек. Көп балалуу энелер Баатыр эне орденин алуу үчүн тиешелүү документтерди тапшырууда айыл өкмөтү, райондук, облустук кеңештерден өтпөй, жогору жакка жетпей ортодо калгандар бар. Ушундай бюрократиялык себептерден улам маселеси чечилбеген учурлар кездешүүдө.
Мындан тышкары, оор кылмыш жасаган балдары үчүн энеге аталган наам берилбейт. Бирок балдарынын кылмышы өтө оор болбосо же соттолгон мөөнөтү бүтсө мамлекеттик сыйлык ыйгарылышы зарыл. Мыйзамга ушул өңдүү ар бир критерийди жазып, кошуп коюу кажет. Эгер эне соттолуп жатса, Баатыр эне ордени берилбейт. Бирок баласы үчүн эне жоопкерчиликке тартылбашы керек. Эне эч убакта баласын жамандыкка кыйбайт. Соттолуп кетсин деп тарбиялабайт. Ошол себептен 18ге чыгып өзүнчө турмуш куруп кеткен баласы үчүн Баатыр эне орденин албай калганы туура эмес. Ушул жагы дыкат каралсын. Азыр ушул статусту алган энелердин эң улуусу 1939-жылы, ал эми эң кичүүсү 1992-жылы туулган апа болуп жатат. Жаш энелердин эч тоскоолдуксуз орден алганы туура, ал эми балдары соттолгон энелерде кыйынчылык жаралып калууда.
Н.Б.: — Жобонун негизинде көп балалуу энелер документтерин айыл өкмөттөрүнө тапшырат. Айыл өкмөт районго, ал жактан аким президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберип, алар бизге жолдойт. Балдары оор эмес кылмыш жасаган энелерди деле комиссия өткөрөт. Бирок баласы үч-төрт ирет соттолгондор маселе жаратып жатат. Анын ичинен зордуктоо, киши өлтүрүү, педофилия өңдүү оор кылмыштар кездешет. Ушул жагынан алганда моралдык жоопкерчиликти карап, комиссия ал энелердин документин өткөрбөй коёт.
— Дамира Абаскановна, Баатыр эне орденин көп балалуу энелерге берүү боюнча бир катар маселелерди көтөрүп келгенсиз. Бүгүн ушул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши керек деп жатабыз. Сиздин позицияңыз кандай?
Дамира Ниязбекова: — Калктын санынын өсүшүндө энелердин салымы чексиз. 2011-жылга чейин көп балалуу энелер такыр каралбай калган. Аларга эч кандай акча жана колдоо болгон эмес. Ошол себептен алардын катталган саны аз болчу. Атайын мыйзам долбоорун жазып, депутат болуп турганда көп балалуу энелердин пенсиясына 1000 сом коштуруп берүүнү киргизгем. Ал кезде акчанын куну жакшы болчу. Бүгүн 1000 сом үчүн талаш-тартыштын кереги жок. Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр керек болсо киргизүү керек. Азыр ошол 1000 сомдун ордуна ай сайын 5000 сом кошумча катары берилип турса болмок.
ЖКнын V чакырылышынын депутаты Дамира Ниязалиева
Айрым учурда балдарынын кырсыкка кабылып калышына эненин эч тиешеси жок жагдай жараларын эске алып, мыйзамга анча оор эмес беренелер так көрсөтүлүп жазылышы керек. Ошондо эч кандай талаш болбойт. Мындан тышкары, баатыр энелер кошумча материалдык, социалдык колдоого муктаж.
Мына азыр 26 жаштагы Наргиза аттуу жети баланын энеси абдан кыйналып жатат. Бишкекте бир бөлмөлүү батирде жашап, балдары көп үчүн эч ким батирге киргизбейт экен. Мындай энелер бала бакчага, мектепке, батирин төлөшүүгө, медициналык жактан бекер тейлөөгө муктаж. Жергиликтүү бийлик өз көзөмөлүнө алышы керек.
— Статистиканы караганда жылына балдары соттолгон канча эне сыйлыкка көрсөтүлбөй калат?
Н.Б.: — Быйыл жалпы 1 646 материал келип түштү. Анын ичинен 1 585 энеге жогорудагы наам берилип, 61 эненин документи өтпөй калды. Булардын ичинен 13 эненин баласы же өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылган болуп чыкты. Калгандары документтерин толук эмес же туура эмес жиберип коюшкан. Негизи документтерди январь айынын аягында кабыл алабыз жана ар бир документке биздин комиссиянын катчылыгы тарабынан 2,5 ай экспертиза жүргүзүлөт. Жетишпеген кагаздарын облустук, райондук бийликке чалып эскертебиз. Дароо почта аркылуу салып жибергендер да болот. Бирок арасында эски, 10 жыл мурунку аныктамаларды берген энелер бар. Аларды эмдиги жылы карап өткөрөбүз.
Д.Н. — Көп балалуу энелер орден алуу үчүн ансыз да абдан көп документ, кагаз чогултушат. Пенсияга кошулуучу акчасы 5000 сомго көтөрүлсө, ага эч кандай документ чогулттурбай эле автоматтык түрдө пенсиясы жогорулашы керек. Баатыр энеге чогултуучу документтердин тизмесин жөнөкөйлөтүү зарыл. Ар бир кагаз үчүн жүгүргүчө биринчи алган аныктамалары эскирип кетип жатат. Көп балалуу энелерге мыйзам чегинде материалдык жардам көрсөтүлсүн. Ошол эле отун-суу, электр энергиясы, коммуналдык төлөм, турак жай жагынан жергиликтүү бийлик көмөктөшүшү керек. Балдары ооруп калса да аларга эч кандай мамлекеттик жардам көрсөтүлбөйт. Алыс барбай эле Россияны алалы, үч баладан өйдө жакшы акча төлөнүп, бардык шарты түзүлгөн. Бизде деле жылына бир жолу, окуу жылы башталарда 100 миң сом берилсе болмок. Азыр 30-35 жаштагы көп балалуу энелер тиши жок жүрөт. Тиш салып берүү мыйзамда жок. Бирок көп балалуу эненин ден соолугун мамлекет камкордукка алууну киргизүүгө эмнеге болбосун.
— Баласы соттолсо Баатыр эне орденин алып коёсуңарбы?
Н.Б.: — Мыйзамда андай норма жок. Эгер эне өзү кылмыш кылып соттолуп кетсе, анда ордени алынып калышы мүмкүн.
М.С.: — Жергиликтүү бийлик энелердин документин комиссияга жиберүүдө өң-таанышка да карап коюп жатат. Баатыр эне наамын алган аялдардын балдарына медициналык жана билим берүү жаатында жеңилдиктер каралышы керек. Бул маселе мамлекеттин толук көзөмөлүндө болгону жакшы.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо
— Батыр эне орденин алууну каалаган энелер кандай документ чогултушу керек?
— Биринчиден райондук жана облустук бийлик КР президентинин наамына сыйлык алуучу энелердин тизмеси менен сунуш даярдап алып келишет.
Энелер төмөндөгү документтерди чогултушу шарт:
эненин паспортунун көчүрмөсү;
бардык балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек);
балдардын жана эненин жашаган же иштеген жеринен аныктама;
соттолгон же соттолбогондугу тууралуу аныктамалар;
асырап алынган балдарды тастыктоочу күбөлүктүн көчүрмөсү;
баланын фамилиясы, эненин же атанын аты-жөнү өзгөртүлсө, ал тууралуу тийиштүү кагаздар керек.
— Мирлан мырза, жогорудагы пикирлерди эске алуу менен мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизсек болот?
— Баатыр эне ордени 1996-жылы негизделген. 1997-жылдан бери эсептегенде өлкөдө 40 миңге жакын Баатыр эне бар. Ушул энелер үчүн эң негизги эки нерсенин бири — медицина. Көп балалуу эне балдары менен медициналык жактан бекер дарыланса дейбиз. Ал эми экинчи маанилүү жагдай — билим. Балага тил үйрөтүү, спорт, математика өңдүү курстарга, ийримдерге катышууга жеңилдиктер мектептин деңгээлинде эле чечилиши керек. Жылына 40 миң энеге бир жылда бир берилүүчү 100 миң сомдук жардам каралса да сонун болбойт беле.
Ошондой эле Баатыр эне орденинин баркын көтөрүү керек. Эне өзү да орденинин статусун түшүнүп, "мен Баатыр энемин да, балдарымды мындай тарбиялашым керек" деп жоопкерчиликтүү болушу абзел. Биз жөн эле орден берип койбой, анын маанисин да түшүндүрүп, жеңилдиктерди берип, камкордукка алуу менен баркын көтөрүү керек да. Мен бул тууралуу президентке да жазгам, жооп да келди. Муну биргеликте ишке ашырсак энелер үчүн чоң нерсе болот эле.
Д.Н.: — Буларга медициналык жардам көрсөтүү жагынан мыйзамда жалпылаштырылып жазылган, бирок так көрсөтүлгөн эмес. Баатыр эне башына оор операция жасатса же олуттуу ооруга чалдыгып калса мамлекет камкордукка алышы зарыл. Ар бир министрликтин ушул камсыздоо жагынан тизме, жобосу бар. Мыйзамга толуктоо киргизүүдө ошону сурап пайдаланууга болот. Баарын карап, так көрсөтүп жазып чыгуу керек.
— Бүгүнкү күндө Баатыр энелерге кандай жеңилдиктер каралган?
Н.Б.: — Жогоруда Дамира айым айткан 1000 сомдон башка эч бир жеңилдик каралган эмес.
Активист Алмаз Аскар уулу: коомдук уюмдардын каржы булагы көзөмөлдөнүшү керек