ӨКМ тоолуу аймактарда сел жүрүү кооптуулугу жаралганын эскертти

Буга чейин үч күн катары менен айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаай турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөрмөлүү аба ырайына байланыштуу сел жүрүү кооптуулугу жаралганын эскертти.
Маалыматка ылайык, 30-майда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ал эми дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 27-28-29-май күндөрү Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болуп, мөндүр жаашы мүмкүн экени айтылган.
Жайдын алгачкы күндөрү жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы