Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү

Кум жана чаң бороонуна адатта планетанын чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактары кабылат. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөгүнөн ар кыл өлкөлөрдө атмосфералык бул көрүнүштүн кандай болгонуна баам салсаңыз болот.
Sputnik
Кум жана чаң бороону мурда болгон жана эми да боло берчү метеорологиялык кооптуу кубулуш. Анткен менен жыл сайын кайталанган сайын ал көп өлкөлөрдө жан-жаныбардын жашоосуна, техникага өзүнүн терс таасирин тийгизип келет. Алар адатта циклондордун таасиринен улам пайда болуп, шамалдын ири масштабда катуулашына алып келет. Күчтүү шамал абадагы жана какшып жаткан кургак жердеги кум менен топурак, чаңды асманга алып чыгып, жүздөгөн чакырымга чейин алып барат. Анын дагы бир себеби жылдын ысык мезгилинде чөлдөрдөгү атмосфералык басымдын төмөндөшү болуп эсептелет. Абага ысып чыккан чаң, кум көтөрүлөт да, анын ордуна болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен муздак агым келет. Бул жергиликтүү циклондорду пайда кылып, алар кумдуу бороонго айланат.
Жаратылыштын мындай кубулушу көп кайталанган аймактардын жашоочулары андан жандан түңүлө коркуунун кереги жоктугун, болгону акыл-эс менен мамиле кылып, кантип коргонуу жолдорун билип алуунун зарылдыгын айтышат. Адатта мындай кубулуштун алдында болуп көрбөгөндөй жымжырттык өкүм сүрүп, адам вакуумга туш келгендей сезим жаралат. Албетте, айлананын тунжураган мындай абалы кишини кооптондурган сезимге жетелейт. Анткен менен көп өтпөй горизонтто анча чоң эмес чаңдуу масса пайда болуп, бир аздан кийин ал тунарып, андан соң эбегейсиз чоң кара булутка айланат. Жылып келе жаткан гигантты көргөндө дүрбөлөң болбош керек. Башкы эреже - кайсалактап, эмне кыларын билбей калган сезимге алдырбаган өтө маанилүү. Болгону далдоо жер таап, анын өтүп кетишин күтүү керек.
1 / 11

Кувейтке жакындап келе жаткан кумдуу бороон. Сүрөт мындан бир нече күн гана мурда тартылган, тагыраагы, 2022-жыл, 23-май

2 / 11

Индиянын батышындагы Биканер калаасын каптаган чаң бороону. 2010-жыл

3 / 11

Кубалдагы бир ирмем. 2010-жыл

4 / 11

АКШнын Аризона штатындагы көрүнүш. Анда автомагистралдагы кыймыл бир нече күн токтогон. 2016-жыл

5 / 11

Ирандын борбору Тегеранды каптаган кумдуу бороон. Бул кубулуш анда төрт кишинин өмүрүн алып кеткен. Ондогон адамдар жабыркаган

6 / 11

Адамдын акылын башка бир сезимдерге бурган көрүнүш. Чаңдуу бороон учурундагы чагылган. АКШдагы Аризона штаты, 2011-жылдагы бир ирмем

7 / 11

Ал эми бул былтыркы, 2021-жылдагы көрүнүш. Бразилиянын Фрутал шаарындагы Носса-Сеньора-ду-Карма району

8 / 11

Сомалиленддеги кумдуу бороон

9 / 11

Ирактагы кумдуу бороон. Кум жана чаң бороону мурда болгон жана эми да боло берчү метеорологиялык кооптуу кубулуш. Ал какшыган жерде чаң менен кумду асманга, булуттарга учуруп чыгып, күндүн көзүн тосуп калган учурлар арбын

10 / 11

Кытайдагы кезектеги кумдуу бороон

11 / 11

Кумдуу бороон 2009-жылы Сауд Арабиясында 2009-жылы Эр-Риядды каптаган. Ал аба майдандагы Халид атындагы эл аралык аэропорттун иши үзгүлтүккө учураткан