Кыргыз жоокери армиянын 30 жылдыгына карата 207 чакырым чуркап келди. Сүрөт

Аскер Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылынан Бишкекке чейинки жолду басып өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Прапорщик Кайратбек Рапиев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдык мааракесине арнап 207 чакырым аралыкка чуркап келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Прапорщик Кайратбек Рапиев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдык мааракесине арнап 207 чакырым аралыкка чуркап келди

2 / 4

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында Куралдуу күчтөрдүн 30 жылдыгына карата Советтер Союзунун генерал-лейтенанты Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттарына аскердик тууну тапшыруу аземи өттү

3 / 4

Институттун 30 курсанты жана 52806 менен 10128 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери 30 чакырымдык марафонду ийгиликтүү чуркап өтүп, өлкөнүн башкы аянтына келишкен

4 / 4

Келечектеги офицерлерге аскердик тууну коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров, манасчы Самат Көчөрбаев жана Манас таануучулар эл аралык ассоциациясынын президенти Талантаалы Бакчиев тапшырды.

Ал Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылынан баштап Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына чейинки жолду басып өткөн.
Рапиев Куралдуу күчтөрдүн спорттук клубунда кызмат өтөп жатканы белгиленди.
Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында Куралдуу күчтөрдүн 30 жылдыгына карата Советтер Союзунун генерал-лейтенанты Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттарына аскердик тууну тапшыруу аземи өттү. Институттун 30 курсанты жана 52806 менен 10128 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери 30 чакырымдык марафонду ийгиликтүү чуркап өтүп, өлкөнүн башкы аянтына келишкен.
Келечектеги офицерлерге аскердик тууну коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров, манасчы Самат Көчөрбаев жана Манас таануучулар эл аралык ассоциациясынын президенти Талантаалы Бакчиев тапшырды.
Улуттук гвардиянын прапорщиги Рапиев 150 чакырымды 2 күндө чуркап, Бишкекке келди