Түркмөнстандын мурдагы биринчи айымы "Ардактуу килем токуучу" наамын алды

Парламенттин төмөнкү палатасы анын килем токуу өнөрүн жайылтуудагы эмгегин баалап наам ыйгаруу чечимин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Огулгерек Бердымухамедова "Türkmenistanyň at gazanan halyçysy" ("Түркмөнстандын ардактуу килем токуучусу") наамын алды. Бул тууралуу өкмөттүн "Туркменистан: Золотой век" басылмасы жазган.
Белгилей кетсек, Огулгерек мурдагы өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы жана азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун апасы.
"Огулгерек Бердымухамедова килем токуу өнөрүн өнүктүрүүгө жана келечек муунга жеткирүүгө татыктуу салым кошкон чебер килемчилердин бири. Көп жылдан бери ал килем токуу ишканасында иштеп, эмгекчилдиги менен жаштар арасында чебер килемчи катары кадыр-баркка ээ болду", — деп жазылат маалыматта.
Парламенттин төмөнкү палатасы анын килем токуу өнөрүн жайылтуудагы эмгегин баалап жогорудагы наам берүү чечимин кабыл алган.
20 жашында үйлөнгөн, аялы элге чыкпайт. Сердар Бердымухамедов тууралуу 9 факт