Радио

Мамбетова: китепканага келген жаш окурмандардын саны өстү

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын редакциялык басма иштери бөлүмүнүн башчысы Байкал Мамбетова китепканага көркөм, тарыхый чыгармаларды окугандар көп келерин айтты.
Sputnik
Улуттук китепканада элчиликтер тарабынан ачылган атайын борборлордо тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Башка өлкөнүн маданиятына, тилине, улуттук өзгөчөлүктөрүнө кызыгып келгендер арбыды. Бул тууралуу Байкал Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китепкана каражат көйгөйүнө байланыштуу окурмандар кызыккан учурдун китептери менен толукталбай жатат.
"Китепканага келген жаш окурмандардын саны өстү. Жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулган балдар, кыздар көбөйдү. Улуттук китепканада элчиликтер тарабынан ачылган атайын борборлордо тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Башка өлкөнүн маданиятына, тилине, улуттук өзгөчөлүктөрүнө кызыгып келгендер арбыды. Корей, кытай, түрк тилин өздөштүрүүнү каалап, китептерди издеп келишет. Мындан тышкары, тарыхый, адабий китептерди таап окугандар көп. Китепканада бардык шарттар түзүлүп, тиешелүү маалыматтарды алууга жеңил болуп калды. Өзгөчө ишти санариптештирүү аркылуу көп маселелер чечилди", — деди Мамбетова.
Ошондой эле адис китепкана кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы жаш кадрларды тартууга жана тейлөө сапатын жакшыртууга өбөлгө болорун кошумчалады.