Дүйнөдө чылым чегүүнүн кесепетинен минутасына 10 адам каза болот

Статистикага ылайык, күнүнө 14 миңдей адам өлүмгө учурайт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Чылым чегүүнүн кесепетинен жер жүзүндө минутасына 10 адам каза болот. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ведомство Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, кыргызстандыктарга эскертүү берди.
Андагы статистикага ылайык, дүйнөдө ар бир 6 секунд сайын бир, мүнөтүнө 10, саатына 600дөн ашуун, күнүнө 14 миңдей адам тамекинин айынан өлүмгө учурайт.
Диетолог сөөктүн иштөөсүн бузган үч суусундукту атады