Милиция мугалимден таяк жеген кыз боюнча тергөө баштады

Педагог милицияга кызды тарбиялап коюу үчүн сабаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмү Сузак районуна караштуу Сафаровка айылында мугалимдин окуучу кызды сабашы боюнча окуяга комментарий берди.
Милиция фактыны каттоого алып, алдын ала тергөө амалдарын баштаган. Маалыматка караганда, 23-май күнү саат 12:00дөр чамасында информатика сабагынын мугалими Е.М. уруша кеткен 7-класстын эки окуучусуна эскертүү берген. Алардын бири — мугалимдин кызы.
Тартип сакчылардын айтымында, соцтармактын колдонуучулары мугалим окуучу кызды сабап жаткан видеону тараткан. Бирок текшерүү учурунда роликтин толук версиясы табылган. Анда окуучу мугалим менен айтышып жатканы тартылган.
Педагог милицияга кызды тарбиялап коюу үчүн кол көтөргөнүн билдирген.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мугалим менен окуучу суракка алынды.
Окуянын чоо-жайын райондук билим берүү бөлүмүнүн комиссиясы аныктап жатат. Педагогду жумуштан алуу же калтыруу маселеси бүгүн чечилет.
Министр Бейшеналиев Сузакта мугалимдин окуучуну сабашы боюнча оюн айтты