Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдума депутаты: Россия бошотулган аймактардан эч убакта кетпейт

РФ президенти Владимир Путин Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын тургундарын Россиянын жарандыгына кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Херсон жана Запорожье облусунун элине Россия жарандыгын алууга шарт түзүп берүү РФтин бошотулган аймактардан кетпей турганын далилдеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Крым аймагы боюнча депутаты Михаил Шеремет билдиргенин РИА Новости жазды.
Ага ылайык, өлкө президенти Владимир Путин Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын тургундарын Россиянын жарандыгына кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча жарлыкка кол койгон.
"Жарандык укукту жөнөкөйлөтүп берүү — маанилүү жана акыйкат чечим. Бул биринчи кезекте бошотулган аймактарда жашагандарды коргоо болуп саналат. Мындай чечим Россиянын бошотулган аймактардан кетпей турганын жана ал жакты кароосуз калтырбастыгын дагы бир жолу далилдеп жатат", — деди Шеремет.
Анын айтымында, Россия менен интеграция бошотулган аймактар үчүн өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максатын "8 жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы Украинанын күжүрмөн потенциалын буга чейин эле бир топ кыскарткан. Атайын операциянын негизги максаты Донбассты бошотуу деп аталды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинанын бардык бошотулган аймактарын калыбына келтирет