Евразия экономикалык форуму

Вице-премьер Россия санкциялык кысымга кантип туруштук берип жатканын айтты

Оверчук өлкөдө рубль бекемделип, инфляциянын темпи төмөндөгөнүнө токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын валюта жана финансы рыногунда кырдаал турукташып калды. Бул тууралуу РФтин вице-премьери Алексей Оверчук билдирди.
Ал Евразиялык экономикалык форумдагы тематикалык сессияда сөз сүйлөгөн.
Оверчук рубль бекемделгенин белгилеп, инфляциянын темпи төмөндөп, дефляциянын элементи пайда болгонун белгилеген. Анын айтымында, мында Россиянын банкы менен өкмөттүн чаралары чечүүчү ролду ойноду.
Өлкөдө бизнестин иши болушунча жөнөкөйлөштүрүп, текшерүүгө мораторий киргизилген. Бизнести кошумча каражаттан бошотуу үчүн салык боюнча бир катар чечим кабыл алынганы белгиленди.
"Бүгүнкү күнү 1 300 товарды маанилүү пошлиналардан бошоттук. Бул биздин импорттун 15 пайызы. Пошлинасы жок ташып келүү босогосун 200 евродон 1 000 еврого чейин көтөрдүк, продукциянын коопсуздугун декларациялоо режимин жана азык-түлүктү өткөрүү жол-жобосун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрдүк", — деди Оверчук.
Ал эмгек рыногундагы кырдаал айрым тармактарды колдоо боюнча кабыл алынган чечимдерге байланыштуу туруктуу болуп калганын кошумчалаган.
"Иштеп чыкчу чаралар менен чечимдер ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиясына байланышкан болушу керек. Дүйнөдө энергетикалык ресурстарга байланыштуу көйгөйлөр жаралып, баанын өсүп жатканын көрүп жатабыз. Батышта болсо дефицит жаралууда. Аны эч ким күткөн эмес. Биз баарыбыз айыл чарба продукцияларын чыгарган негизги өндүрүүчүбүз. Бул артыкчылык болуп саналат", — деди Оверчук.
Ал көз карандысыз төлөм мейкиндигин түзүү керектигине токтолгон. Анткени бүгүнкү күндө доллар дагы, евро дагы ишеничтүү валюта болуп саналбайт.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Россиялык саясатчы: ЕАЭБде бизнес улуттук валютада эсептешүүнү өзү тандайт