Евразия экономикалык форуму

"Росатом" Баткен облусуна чакан ГЭС курууга катышат

Корпорациянын өкүлүнүн айтымында, станциянын кубаттуулугу 7 мегаватт болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Баткен облусуна жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте чакан ГЭС курат. Бул туурасында "Росатом Борбор Азия" ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары Руслан Нуралин билдирди.
Ал бүгүн Евразия экономикалык форумунун "Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары" сессиясына катышты.
"Биз атомдук энергетикадан сырткары Баткен облусуна чакан гидроэлектр станциясын куруу долбооруна активдүү катышабыз. Станциянын кубаттуулугу — 7 мегаватт. "Росатом" корпорациясы жабдуу менен камсыздай турган негизги жеткирүүчү болуп саналат. Ошондой эле чакан ГЭСти куруу жана пайдаланууга берүүдө консультация берет", — деди Нуралин.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Кыргызстан ЕАЭБге биргелешип микроэлектроника өндүргөн ишкана ачууга чакырды