Евразия экономикалык форуму

Путин Ири евразиялык өнөктөштүк түзүү тууралуу демилгени эске салды

РФ лидери евразиялык өнөктөштүк көпчүлүккө кызык болорун белгилөөдө. Ал бир катар сунуштарды берди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун жыйынында сүйлөп жатып Ири евразиялык өнөктөштүк түзүү боюнча демилгени эске салды.
РФ лидери иш-чарага онлайн-форматта катышкан.
Путиндин айтымында, демилге салттуу соода-экономикалык байланыштар жана логистика туруксуздашып жаткан азыркы эл аралык шартта актулдуу болуп турат. РФ лидери бул сунуш бир нече жыл мурун да көтөрүлгөнүн белгиледи.
Путин өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды да айтты. Ал алгач евразиялык экспорттук борборлорду жана соода үйлөрүн уюштуруу, евразиялык кайра камсыздандыруучу компания түзүү ишин илгерилетүү, транс чек аралык аймактарды өнүктүрүү маселесин карап чыгууну сунуштады.
РФ лидери ЕАЭБ чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууну тереңдетип, биримдиктин артыкчылыгын түшүндүрүп, маанилүү долбоорлор менен пландар боюнча маалымдар кылуу керек деп эсептейт. Анын айтымында, бирикмеге кызыгуу барган сайын күчөп жатат.
Путин эркин ишкерликти, бизнести, инвесторлорду колдоо зарылдыгына да токтолгон. Президент алар үчүн кошумча жогорку деңгээлдеги стимулдарды түзүп, евразиялык долбоорлорду активдүү каржылоого чакырды. Союзга мүчө-өлкөлөрдүн улуттук бизнесинин өкүлдөрү артыкчылыктуу колдоого ээ болушу шарт.
Сөзүнүн соңунда Путин евразиялык өнөктөштүк көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан борбор болорун кошумчалады.
Евразия экономикалык форуму
Токаев: ЕЭКке кошумча укук берүүнүн зарылчылыгы жок