Евразия экономикалык форуму

Кыргыз-казак чек арасында соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды

Индустриялык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемишти кайра иштетүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кара-Суу" өткөрмө пунктуларынын аймагында биргелешкен кыргыз-казак индустриялык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында болгон.

"Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда жыйындын катышуучуларына аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен видеотасма көрсөтүлдү. Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьери, соода жана интеграция министри Бахыт Султанов катышкан. Алар мамлекет башчыларына комплекстин курулушу тууралуу отчет беришти", — деп айтылат маалыматта.

Индустриялык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемишти кайра иштетүү, консерваланган төө буурчак чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошулмаларды жасоо, фармацевтикалык препараттарды, кийим-кече жана башка товарларды чыгаруу пландалып жатканы кошумчаланды.
Караколдо жаңы аэровокзал курула баштады. Эскиз