Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон облусунда рубль да колдонула баштады. Видео

Херсон облусунда эсеп ачууга арыздарды кабыл алуу үчүн россиялык банктардын биринин бөлүмү ачылары да кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Херсон облусунун Геническ районундагы дарыкана менен май куюучу бекеттерде рубль менен эсептешүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралды. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирген.
Геническидеги май куюучу бекеттерде күйүүчү майдын, тагыраагы, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 66 рублден сатылып жатканы белгилүү болду. Колонкада "гривна" жана "руб" деген жазууларды ал жерден тартылган видеодон көрүүгө болот.
"Рубль менен да, гривна менен да эсептешип жатышат. Биз жакындан тарта эле иштеп баштадык, үзгүлтүккө учурай (бензин алып келүүдө – ред.) элекпиз. Эртең экинчи партиясын алып келишет. Күнүнө 2-3 кубдан сатып жатабыз", — деген май бекеттин кызматкери.
Геническ районунда дарыканаларда да рубль менен гривна катар колдонулууда. Кире беришке эки валюта менен тең соода кылууга болорун жазып коюшкан.
Аймактын аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Владимир Сальдо буга чейин 23-майдан тарта Херсон облусунда расмий түрдө бивалюталык аймак киргизилип жаткандыгын айткан. Мындан сырткары, аталган региондо эсеп ачууга арыздарды кабыл алуу үчүн россиялык банктардын биринин бөлүмү ачылары да кабарланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдума депутаты: Россия бошотулган аймактардан эч убакта кетпейт