Форумдун аянтчасында ар бирине тийиштүү болгон маанилүү маселелер ортого салынды. ЕАЭБди өнүктүрүү келечеги, өнөр жай, транспорт, энергетика, бизнес, валюта рыногу, санариптештирүү, электрондук соода, билим берүү, туризм жана башка темалар талкууланды. Ал эми ЕАЭБдин эл аралык өнөктөштөрү кызматташтык боюнча пландары менен бөлүштү.
Мындай масштабдагы иш-чара пандемия башталгандан бери өтө элек болчу. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул адам келип 30дан ашуун иш-чарага катышты. Талкуулар төрт аянтчада 21 тематикалык сессияга бөлүнүп өттү. Жыйынтыгында 10дон ашуун меморандум жана макулдашууга кол коюлду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биримдиктин геосаясий уюлга айланышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
"Биз өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн гана эмес, жанаша жашаган этникалык топтордун, түрдүү маданияттардын, диндердин кемчиликсиз жана ийгиликтүү моделин түзүшүбүз керек, анткени бизди жалпы адамзаттык баалуулуктар гана бириктирет", — деди Жапаров.
Форумга Кыргызстан менен Казакстандын президенттери (офлайн), Россия, Беларусь жана Армениянын жетекчилери видеобайланыш аркылуу катышты.
Режиссер Никита Михалков форумдун ардактуу коногу болду. Ал "Оскардын" евразиялык аналогу боло турчу "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгын негиздөөнү сунуштады. Кыргыз тарап анын ачылышын Ысык-Көлдө өткөрүүгө кызыкдар болууда.
Ошондой эле ЕАЭБдеги өндүрүштүн жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө уюштурулду.