Акылбек Жапаров: "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгынын ачылышын Көлдө өткөрөбүз

Кино өнөрүнүн корифейи менен кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров россиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушууда ал сунуштаган Евразия аймагындагы эл аралык сыйлыктын ачылыш аземин келерки жылы Ысык-Көлдө өткөрүүгө даяр экенин айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров россиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушууда ал сунуштаган Евразия аймагындагы эл аралык сыйлыктын ачылыш аземин келерки жылы Ысык-Көлдө өткөрүүгө даяр экенин айтты

2 / 2

Алгач кино өнөрүнүн корифейи кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси менен ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулаган

Алгач кино өнөрүнүн корифейи кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси менен ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулаган.
"Никита Михалков министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгын уюштуруу идеясы тууралуу айтып берди. Акылбек Жапаров бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи", — деп билдиришти өкмөттөн.
Эске салсак, бүгүн Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссер Михалков Евразия киноакадемиясы менен киносыйлыгын негиздөөнү сунуштаган эле.
Евразия экономикалык форуму
Михалков: маданий цивилизацияга түндүк атлантикалык чабуул жүрүп жатат