Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык аскерлер Харьковго 70 тонна гуманитардык жардам жеткирген видео

Жеткирилген жардамдын биринчи кезекте балалуу үй-бүлөлөргө берилип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россиялык аскерлер атайын операциянын жүрүшүндө Харьков облусуна кезектеги 70 тонна гуманитардык жардамды жеткирди. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлиги кабарлаганын РИА Новости жазды.
Жардамдын видеосу агенттиктин Тelegram-каналына жарыяланган.
"Аскер полициясынын коштоосунда Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер полициясы 70 тонна гуманитардык жардамды автоунаа менен облустун жашоочуларына жеткирди. Элге азык-түлүк жана турмушта зарыл болгон буюмдарды таратышты. Жардам биринчи кезекте балалуу үй-бүлөлөргө берилүүдө", — деп айтылган министрликтин маалыматында.
Жарыяланган видеодон Россия ӨКМинин 10 "Урал" автоунаасына жүктөлгөн гуманитардык жардамдын конвой менен келип түшкөнүн көрүүгө болот. Аны алгач минифутбол талаасынын үстү жабылып, кампа иретинде тез арада жасалган жайга түшүрүшкөн. Аскерлерге жергиликтүү ыктыярчылар жардам кылганы айтылды.
Социалдык жардам көрсөткөн жергиликтүү кызматкерлер коомдук башталышта иштеп, таратуу системасын түзүшкөн. Атайын операция учурунда бул калктуу пунктуга эле жүздөгөн тонна тамак-аш менен биринчи кезектеги зарыл буюмдар жеткирилип, таратылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия аскерлери Запорожьенин жашоочуларына 55 тонна гумжардам жеткирди