Өзгөндө мал кароого кеткен 17 жаштагы баланын сөөгү эки күндөн кийин табылды

Өспүрүм үйүнөн жайлоодогу малын карайм деп 22-май күнү чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өспүрүм 22-май күнү Коргон айылындагы үйүнөн Супа жайлоосундагы малды кароого чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
"Баланын туугандары аны издеп жатканын айтып, ӨКМге 24-май күнү кайрылышкан. Издөө иштерине ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнөн беш куткаруучу тартылып, анын сөөгү ошол эле күнү Үңкүр айылынан табылган", — деп жазылат маалыматта.
Өспүрүмдүн сөөгү ата-энесине өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Атын сактайм деп Суусамыр суусуна аккан депутаттын сөөгү 5 күн өтүп табылды