БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Малдын тукумдуулугун санариптик технологиялар аркылуу жакшыртуу пландалууда. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.
Ал Евразия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Агроөнөр жай комплексинин санариптик экосистемасын өнүктүрүү" стратегиялык сессиясына катышкан.
"Асыл тукум малды көбөйтүү тууралуу сөз болгондо дароо сырттан эркек малды алып келүү жана ургаачысын жасалма жол менен уруктандыруу боюнча ойлонобуз. Бул классика, адатка айланган ыкма. Бирок эт, сүт жагын муну менен 100 пайызга жогорулата алабыз деген кепилдик жок", — деди министрдин орун басары.
Адис белгилегендей, Новосибирсктеги университеттердин биринде биоинформатика платформасы иштелип чыккан. Ал геномдук карталардын деңгээлинде тукум улоочу малды тандоого мүмкүндүк берет.
"Элестетип көргүлө! Бир буканы карап туруп эле ушул мыкты деп сыртынан баа берилбейт. Эми анын геномдук карталары аркылуу уругу кайсы ургаачысына туура келерин айтууга болот", — деди Мукашев.
Адистин айтымында, жаңы ыкма 99 пайыз учурда оң натыйжага жетишүүгө мүмкүндүк берет. Азыр пилоттук долбоорду баштоо боюнча меморандум түзүлүп, жыйынтыгы эки жылдын ичинде даяр болорун кошумчалады.
Мукашевдин айтымында, биоинформатика Кыргызстан үчүн гана эмес, башка КМШ өлкөлөрү үчүн да жаңы багыт.
Sputnik Кыргызстан Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү.