Евразия экономикалык форуму

Эки миллионго чукул. Кыргызстанда бодо мал идентификацияланып бүттү

Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюунун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өлкөдө бардык бодо мал идентификациядан өттү. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.
Ал Евразия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Агроөнөр жай комплексинин санариптик экосистемасын өнүктүрүү" стратегиялык сессиясына катышты.
Адис белгилегендей, тармакты санариптештирүү өтө маанилүү. Анткени ал өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн бирдей шарттарды түзөт.
"Малды идентификациялоо системасы түзүлдү. Башкача айтканда, бодо малдын 100 пайызы каттоодон өттү. Бардыгы болуп 1 миллион 840 миң баш базага киргизилди", — деди министрдин орун басары.
Малдын башка түрлөрүн айта турган болсок, алардын 50 пайызы каттоодон өткөн.
Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюунун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан — Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү.
ЕАЭБ: Кыргызстанда союлган мал менен канаттуунун өндүрүшү өстү