Евразия экономикалык форуму

Кожошев менен Мясникович Евразиялык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты

Бишкекте биринчи жолу өтүүчү Евразиялык экономикалык форум 2022-жылдагы эң ири иш-чаралардын бири болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте эртең өтө турган Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте эртең өтө турган Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты

2 / 3

Кожошев белгилегендей, форумга даярдануу иштери аягына чыгып калды

3 / 3

Өз кезегинде Мясникович иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин билдирди

Кожошев белгилегендей, форумга даярдануу иштери аягына чыгып калды.

"Бул форумду 2022-жылдагы эң ири иш-чаралардын бири деп атоого болот. Биринчи Евразиялык экономикалык форумга 2500дөн ашуун адам катталды. Биз конокторду тосуп алууга даярбыз. Форумда 35 иш-чара, анын ичинен 21и тематикалык сессия болот. ЕАЭБдин мыкты агроөнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулат жана форумдун өзүндө 10 документке кол коюу пландалууда”, — деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Өз кезегинде Мясникович иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин билдирди. Анын айтымында, алдыда боло турган форум бизнес-чөйрө үчүн түрдүү маселелердин жаңы чечимдерин табууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара кызматташуунун актуалдуулугу, анын ичинде стратегиялык багыттардагы кызматташууга тиешелүү маселелер да талкууланды.
Евразия экономикалык форуму
Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумдун ачылышына катышат