Сот блогер Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап, өкүм чыгарды

Гүлзат Мамытбек элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен. Кийин укук коргоо органдары аны колго түшүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулова үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
"Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Гүлзат Алымкулова Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси ("Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу") боюнча блогер үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынды", — деп айтылат маалыматта.
Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыш жасап, беш жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм чыккан кылмышкерлер үчүн каралган. Жасаган кылмышы жеңил болсо, сот аны коомдон обочолонтпойт. Айыптуу адам пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн сыртына чыкпоого, сот өкүмү чыккандан кийин 10 күн аралыгында жашаган дареги боюнча пробация органына каттоого турууга, алардын белгилеген убактысында барып турууга милдеттендирилет. Ошондой эле жашаган, иштеген же окуган дареги алмашса дароо билдирип, сот өкүм кылган милдеттерди өз убагында аткарып жана аны кабарлап туруусу шарт.
Буга чейин милиция Гүлзат Мамытбек элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткенин айтып, кийин аны кармаган. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болгон. Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, блогер 2021-жылдын октябрь айында камалган.
Шоу-бизнес жылдыздары, абайлагыла! Милиция алдамчылардан сак болууну эскертти