Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донбасста Светлодарск шаары бошотулуп, эл эмоциясын билдирген видео

Светлодарскинин жашоочулары шаардын аткылоого кабылбагандыгына сүйүнүп жаткандыктарын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Донбасстагы Светлодарск шаары бошотулуп, жергиликтүү жашоочулар Луганск Эл Республикасынын аскердик күчтөрүн кубануу менен тосуп алып жатышат. Бул туурасында РИА Новости өзүнүн Тelegram каналында маалымдап, видеосун жайгаштырды.
Андан сырткары, ЛЭРдин Элдик милициясынын аталган тармактагы каналында да маалыматтар жайгаштырылган.
"Светлодарск ЛЭРдин Элдик милициясы тарабынан бошотулду. Жергиликтүү жашоочулар аларды кубануу менен кабыл алып жатат!" – деп айтылган анда.
Кадрлардан шаардын жашоочулары милиция өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатканда Светлодарскинин талкаланбагандыгына каниет кылып, ыраазы болуп жаткандыктарын угуп-көрүүгө болот.
Мурдараак коргонуу штабынан республиканын Донбасстагы бөлүктөрү россиялык аскерлердин жардамы менен Светлодарск шаары алынгандыгын жана андан соң тазалоо иштери жүрүп жатканын айтышкан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЛЭР аскерлери республиканын административдик чек арасына чыкты