БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саясий кызматты ээлеген депутат, аткаминерлердин эмгек өргүүсүн узартуу мыйзам долбоорун жазбаганын билдирди.
Белгилей кетсек, Коргонбай уулу демилгечи катары көрсөтүлгөн мыйзам долбоору ЖКнын сайтына 20-майда коомдук талкууга коюлган. Анда саясий жана административдик мамлекеттик кызматкерлердин категориясына жараша эмгек өргүүсүн узартуу камтылган. Бул жылына 28 күн эмес, 38 күнгө чейин акы төлөнгөн эс алууга чыга алат дегенди түшүндүрөт.
Эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, ЖМКларды жалган маалымат таратууга айыптады.
"Мен мамлекеттик чиновниктердин эмгек өргүү убактысын узартуу боюнча сунуш берген эмесмин! Өзүм Санкт-Петербург шаарынан учуп келгениме эки күн болду. Жалган маалыматтан абайласаңар, бир жериңерди тешип чыкпасын. Чиновниктер, тескерисинче, кабинеттерине керебет коюп жатып иштеш керек. Дем ала турган заман болбой жатат", — деди Коргонбай уулу.
Кийинчерээк ал ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында кантип мыйзам долбоорунун автору болуп калганын билбей жатканын айтты.
"Чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартууга такыр каршымын. Мен шайлоодо "чиновниктерди камчылап иштетем, мамлекетти алдыга жылдырууга салым кошом деп добуш алып келгем. Чиновниктер эс алсын деген сунуш кандай болуп калганын билбейм. Аппаратка айтып териштиребиз. Юрист, консультанттар адашып кол койдуруп жибербесе эле... Аны тактайбыз", — деди депутат.
Жогорку Кеңештин сайтынан скриншот
© Фото / Жогорку Кенеш КР
Деген менен ЖКнын сайтында дагы деле аталган долбоорго Коргонбай уулу автор катары көрсөтүлүп турат.