БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу депутат жана аткаминерлердин эмгек өргүүсүн узартуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ЖКнын аппарат жетекчисинин атына эки мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгаруу боюнча Коргонбай уулунун колу коюлган кат келген. Бири эмгек өргүү, экинчиси мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга коюунун мөөнөтүн 15 күнгө кыскартуу (учурда бир ай) тууралуу.
"Аппарат жетекчисинин тапшырмасынын негизинде 20-май күнү Жусупбек Коргонбай уулунун эки мыйзам долбоорун сайтыбызга коомдук талкууга чыгарганбыз. Ал эми бүгүн депутаттын атынан кайра ал демилгелерди артка чакыртып алуу боюнча кат келди. Мындан улам документтер сайттан өчүрүлдү", — деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, Коргонбай уулу демилгелеген мыйзам долбоорунда саясий жана административдик мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу сунушталган. Бул жылына 28 күн эмес, 38 күнгө чейин акы төлөнгөн эс алууга чыга алат дегенди түшүндүрөт. Ал эми бүгүн депутат мындай мыйзам долбоорун жазбаганын айтып чыкты.