Россиянын айрым шаарларынан Кыргызстанга "Жүк-200" акысыз жеткирилет. Тизме

"Жүк-200дү" бекер ташуу боюнча Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен "Урал авиалиниясы" авиакомпаниясынын ортосунда сүйлөшүү жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Мындан ары "Жүк-200" Россиянын бир катар шаарларынан Кыргызстанга акысыз жеткирилет. Бул тууралуу элчилик билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен Россиянын "Урал авиалиниясы" авиакомпаниясынын ортосунда сүйлөшүү жүрүп, анын жыйынтыгында бир катар багыт боюнча "Жүк-200дү" бекер ташуу макулдашылган.
"Жүк-200" төмөнкү багыттар боюнча жеткирилет:
Челябинск — Ош;
Уфа — Ош;
Нижневартовск — Ош;
Казань — Ош;
Сочи — Ош;
Самара — Бишкек;
Сочи — Бишкек;
Минеральные воды — Ош.
Темир жол жана авиакаттам ачуу. КР жана РФ өкмөттөр аралык комиссиянын кеңеши