НАТО куралын таап алуу луганскилик жоокерлерге кадыресе көрүнүшкө айланды

Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосу НАТОнун Украинага курал берип от менен ойноп жаткандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. НАТОнун олжолонгон куралдары луганскилик жоокерлер үчүн кадыресе көрүнүш жана жабдууларынын бир түрү болуп калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тагыраагы, жоокерлер америкалыктардын танкага каршы М72А5 үлгүсүндөгү гранатомётторун көрсөтүп, аларды таап алгандыктарын жана колдонууну да өздөштүрүшкөнүн айтып беришкен.
Ал видеону РИА Новости өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Россия мурдараак Украинага курал берип жаткан бир нече мамлекеттерге (анын ичинде АКШ да бар) нааразылык нотасын жөнөткөн. РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Украина үчүн делген кандай гана куралдардан турган жүк болбосун Россия үчүн мыйзамдуу бута экендигин айткан. Тышкы саясат боюнча ведомство НАТОнун Украинага курал берип от менен ойноп жаткандыгын баса белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын айтышкан. Башкы максат — Донбассты бошотуу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Азов" неонацисттерине француз куралы кантип жетти? Ыктыярчы Макронго кайрылды