Евразия экономикалык форуму

Милиция автоунаа ээлеринен телефон номерин калтырып кетүүнү суранууда

Кайгуул милициясынан эгерде ээси инспектордун талабы менен автоунаасын ал жерден айдап кетпесе, анда эвакуатор транспортту башка жакка жеткирерин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кайгуул милициясы бишкектиктерден 26-майда Евразиялык экономикалык форум өткөн күнү борбордук көчөлөргө автоунаасын токтоткондордон телефон номерлерин жазып калтырып кетүүнү суранды.
26-27-майда милиция Бишкек шаары менен Чүй облусунун кээ бир аймактарында жолдор тосуларын алдын ала эскерткен билдирүү таратты.
Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу бул күндөрү автоунаа ээлерин аталган жолдорго токтотпоону сурангандыктарын билдирди.
"Ошол көчөлөргө мүмкүн болушунча автоунааларды токтотпоону жана аргасыздан токтотсо, автокөлүктүн алдынкы терезесине уюлдук телефондун номерин жазып калтырып кетүүнү өтүнөбүз. Анткени кырдаалга байланыштуу машинаны алдырууга туура келсе калтырылган номер аркылуу айдоочусун чакыра алабыз. Эгер жок болсо айла жок, эвакуатор менен жүктөп кетүүгө туура келет", — деген Айтикул уулу.
Кайгуул милициясы, мындан сырткары, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жайгашкан айылдардагы жашоочуларды ал күнү малын ошол аймактан алысыраак кармоону суранган. Милиция кызматкерлери ал жерлерди курчоого аларын эскертти.
Бишкектеги Евразиялык экономикалык форумга кайсы өлкөлөрдөн келишери маалым болду