Июлда Жалал-Абадга аба каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Азыр жумасына аба каттамы үч жолу аткарылса, жайдын экинчи айынан тарта көбөйө турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Июль айынан тарта Жалал-Абад шаарына авиакаттамдардын санын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынан билдиришти.
Ага ылайык, TEZ JET авиакомпаниясы 1-июлдан тартып Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча каттамдарды күн сайын аткарышы ыктымал. Азыркы учурда жумасына үч жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) каттайт.
Эске салсак, Россиянын "Урал авиалиниялары" компаниясы быйыл жайында Бишкек менен Ошко жаңы беш каттам ача турганы айтылган.
Пресс-борбор
Кыргызстанга туристтер жер транспорту менен каттай башташы мүмкүн