Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бул жерден кетпейм. РФ аскерлери жардам берип турган мариуполдук кишинин видеосу

Щепка энесин калтыргысы келбегендиктен кооптуулук жаралган учурда да чыгып кетпегендигин айтты.
Sputnik
Мариуполдун жашоочусу Владимир Щепка РИА Новостиге аларга "Азовсталь" жакын жайгашса да үйүнөн чыгып кетпегендигин, эми да кетпестигин жана россиялык аскерлер ага жардам берип турарын айтты.
ДЭРдин инженердик-сапердук взводунун командиринин айтымында, ал кишинин 90 жаштагы энеси каза тапкандан кийин украиналык аскерлер жерге жашырууга уруксат берген эмес, элди сыртка чыгарууга тыюу салган.
Щепка Мариуполдо 1968-жылдан бери жашайт. Ал энесин калтыргысы келбегендиктен кооптуулук жаралганда да чыгып кеткен эмес. Учурда жергиликтүү тургундарга россиялык аскерлер жардам көрсөтүп турат.
"Балдар ( россиялык жоокерлер – ред) жардам берип жатышат. Кудай аларга ден соолук берсин. Суу, нан, консерваларды жеткирип турушат", — деген Щепка.
Россиянын Коргоо министрлиги 20-майда Мариуполдогу "Азовсталь" комбинаты согушкерлерден толугу менен тазалангандыгын билдирген.
Министрликтен 16-майдан тарта операциянын жүрүшүндө тосулуп, заводдун аймагында калып калгандардан, тагыраагы, Украина тараптын күчтөрүнөн 2 439 киши колго түшкөнүн маалымдаган.Ал эми 20-майда эң соңкулары чыгып, 531 согушкер туткунга түшүп бергени айтылган.
Тема боюнча:
Россия аскерлери Запорожьенин жашоочуларына 55 тонна гумжардам жеткирди