Чек ара кызматы: өлкөнүн өткөрмө жайларында топтолгон автоунаа жок

Учурда "Ак-Жол" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пунктулары кадимки тартипте иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда топтолгон автоунаалар деп социалдык тармакка тарап жаткан видео Казакстандын аймагында тартылган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 23-майга карата "Ак-Жол" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пунктулары кадимки тартипте иштеп жатат. Ал жакта кезек күткөн автоунаа жок.
"Азыркы тапта "Ак-Жол" бекети аркылуу чек арадан 9 миң адам өтүүдө. Бул көрсөткүч өткөрмө пункту үчүн бир топ эле аз. Кезекке турганга деле негиз жок", — деп айтылат маалыматта.
Соцтармакта "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунун жанында тартылган деген автоунаалардын узун кезегинин видеосу пайда болгон.
"Аталган бекетте чек арадан өтө турган жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анын ичинде эне жана бала үчүн бөлмө, күтүү залы бар. Автоунаалардын тыгыны жок", — деп айтылат мекеменин маалыматында.
Чек ара кызматы "Кең-Булуң" бекетинде жүк ташуучу автоунаалар бир аз кезекке туруп калганын айтты. Азыр аталган жерде 90дой автоунаа бар. Алар башка бекеттерге жөнөтүлөрү кошумчаланды.
Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы "көмүскө" схемаларды жоюуга күч жумшайт