Москвада туугандары тарабынан сабалган кыз. Элчилик РФ полициясына кайрылды

Июндун башында кызды Кыргызстанга жөнөтүү пландалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада туугандары тарабынан сабалган 11 жаштагы кыздын иши боюнча РФтин мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Москва облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Ушундай эле кайрылуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине да жиберилген.
Буга чейин социалдык тармакта туугандарынын ур-токмогуна кабылган кичинекей кыздын видеосу тараган. Тасманы жүктөгөндөрдүн айтымында, аны алыскы туугандарынын бири Москвага баласын бактырганга алып кетип, ошол жактан зомбулукка кабылган.
"Окуянын чоо-жайын аныктоо иштеринин жүрүшүндө Кыргызстандын Т.Э. аттуу 28 жаштагы жаранынын 10 жаштагы Т.С. аттуу кызга күч колдонгону аныкталган. Кол көтөргөн аял Ош облусунун тургуну. Москвада күйөөсү, эки баласы менен жашайт. Ал эми жабыркаган кыздын ата-энеси Кыргызстанда. Туугандарынын айтымында, 2021-жылдын октябрь айында кызды ата-энеси Россияда жашаган туугандарына алардын кичинекей балдарын кароого жардам берүү үчүн жиберген", — деп айтылат маалыматта.
22-майда элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери кыз жашап жаткан жерге барып, анын абалы менен таанышып келгени маалым болду.
"Кыздын абалы канааттандырарлык. Көзүндө жана колдорунда көгала тактар бар. Ошондой эле анын психологиялык жактан басымга кабылганы байкалган. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москвадагы медициналык мекемелердин биринде медициналык кароодон өткөрүлдү. Июндун башында кызды Кыргызстанга жөнөтүү пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик аталган иш боюнча Россия менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн Москва облустук ички иштер башкы башкармалыгына жана Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине кайрылуу жөнөткөнүн белгиледи. Бул маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Москвада туугандары тарабынан сабалды деген кыз. Бийлик окуяны көзөмөлгө алды