Кучакташуу эркек менен аялга ар башка таасир этеби? Изилдөө

Илимпоздор жуптар арасында эксперимент жүргүзүшкөн. Ага 38 адам катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кучакташуу аял киши менен эркекке ар кандай таасир этет. Мындай жыйынтыкты Рурск университетинин окумуштуулары чыгарганын "Известия" басылмасы жазды.
Билдирмеге караганда, илимпоздор жуптар арасында эксперимент жүргүзүшкөн. Ага 38 адам катышкан. Алгач түгөйлөрдүн жарымы 20 секундага бири-бири менен кучакташып, андан соң колдорун муз салынган сууга үч мүнөткө салып турушкан.
"Колдорун муздак сууга салып, стресс болгонго чейин сүйүктүүсүн кучактаган аялдардын башкаларга караганда кортизолунун деңгээли аз болуп чыккан. Ал эми эркектер арасында эч кандай реакция байкалган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулар жыйынтыгында сүйүктүүсү менен кыска убакытка болсо да кучакташуу аялдарга стрессти жеңип, андан жеңил өтүүгө жардам берет деген тыянакка келишкен.
Психолог тар үйдө урушпай-талашпай жашоонун сырларын айтты