Пресс-борбор

Лицензия, диплому жок иштешкен. Косметологиялык клиникалардагы мыйзам бузуулар

Адистин айтымында, медициналык билими жок адамдар косметологиялык кызматтарды көрсөтүп жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Косметологиялык салондорду текшерүүнүн алкагында комиссия төрт эреже бузууну аныктады. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты боюнча башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты боюнча башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева
Эске салсак, гепатит вирусу менен ооругандардын саны өскөнүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги менчик клиникаларды, дарыкана, стоматологиялык жана косметологиялык борборлорду текшерген.
"Дерматологиялык-косметологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн лицензия алып, бирок башка функцияларды мыйзамсыз түрдө кошуп алган. Тагыраак айтканда, башка адистиктеги дарыгерди отургузуп же УЗИ аппараттарын иштетип жаткан. Кээ бирлери, тескерисинче, башка багыт боюнча уруксат алып дерматологиялык-косметологиялык кызмат көрсөтүп жаткан. Үчүнчү категорияга толугу менен лицензиясы жок клиникалар кирет. Алардын аракети мыйзамсыз дарыгерлик иш беренеси менен каралат", — деди Сутуева.
Эреже бузуулардын төртүнчү түрүнө медициналык билими жок адамдардын косметологиялык кызмат көрсөтүүлөрү кирет. Адис бул кылмыш болуп саналарын белгилеп, алар тууралуу маалымат укук коргоо органдарына өткөрүп берилерин айтты.
Ошондой эле адистер санитардык-эпидемиологиялык режим сакталбаганын, үч салондо жан кейитерлик абал болгонун аныктаган. Сутуева буга бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий себеп болушу мүмкүндүгүн белгиледи. Мындан сырткары, көпчүлүгүндө медициналык китепче жоктугу, медициналык калдыктарды утилизациялоо режими сакталбаганы айтылды.
"Биологиялык материалдар кооптуу калдык болуп саналат, себеби гепатит жуктуруп алуу тобокелчилиги бар. Кээ бир косметологиялык клиникалар кооптуу калдыктарын тиричилик таштандыларына кошуп койгон. Бул анын жанында жашаган тургундарга коркунуч жаратат", — деди башкы адис.
Ошондой эле ал айрым медиктер аттестациядан өтпөгөнүн, диплом жана биринчи квалификациядан башка эч нерсеси жоктугун кошумчалады. Мамлекеттик клиникада иштеген дарыгерлер ар беш жыл сайын квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Пресс-борбор
Министрлик текшерүүдөн качкан менчик клиникалардын схемасын айтып берди