Кара-Сууда Өзбекстанга жер астынан өткөн, узундугу 270 метр жол табылды. Сүрөт

Тоннель казылган аймактын ээси учурда Жалал-Абаддагы Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. УКМК Ош облусунда Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылганын билдирди.
1 / 4

УКМК Ош облусунда Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылганын билдирди

2 / 4

Маалыматка ылайык, 20-майда УКМК тарабынан Кара-Суу районунун Тельман айылында узундугу 270 метрди түзгөн тоннель бар экени аныкталган

3 / 4

Анын ичинен чек арага чейинки аралык 40 метр болгон

4 / 4

Жашыруун жайдын тереңдиги 15 метр, кире бериш жери 1,8, ал эми туурасы 1,5 метр деп өлчөнгөн

Маалыматка ылайык, 20-майда УКМК тарабынан Кара-Суу районунун Тельман айылында узундугу 270 метрди түзгөн тоннель бар экени аныкталган. Анын ичинен чек арага чейинки аралык 40 метр болгон. Жашыруун жайдын тереңдиги 15 метр, кире бериш жери 1,8, ал эми туурасы 1,5 метр деп өлчөнгөн.
“Жер астынан өтүүчү жол табылган аймактын ээси М.А.М. учурда Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жатат. Мындан улам анын акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка тиешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатканы белгиленди.
УКМК: тыюу салынган дарыларды ташыган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды