Доллардын кунун кетирип жаткан үч фактор аталды

Россияга каршы финансылык санкциялардын долларга болгон ишенимди азайтканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Үч фактор доллардын таасирин төмөндөтүп алсырашына алып келди. Бул туурасында Совкомбанктын башкы аналитиги Михаил Васильев "Прайм" агенттигине айтып берген.
Биринчи фактор — АКШнын саясий оппоненттерин доллар системасынан өчүрүп салам деп коркутуусу. Бул америкалык валютага болгон ишенимди кетирди. Ппроцессти антироссиялык санкциялар жана РФтин резервдеринин тоңдурулушу тездеткен. Эксперт резервдерди башкаруучулар, өзгөчө өнүгүп жаткан өлкөлөр АКШнын мамлекеттик кагаздарын тобокелчиликсиз деп эсептей албай калышканын белгиледи.
Экинчи фактор — сырьё жана башка товарлар менен соодада улуттук валютанын колдонулушу.
Үчүнчүсү — дүйнөлүк башкы банктар чыгарып жаткан санарип валюта акырындык менен долларга альтернатива катары каралууда.
Ошондой эле Васильев жадагалса Эл аралык валюта фонду Россияга каршы киргизилген адаттан тыш каржылык санкциялар долларды алсыратып койгонун моюндап жатканын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ министри: Батыш санкциялары Россия менен Азияга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүүдө