Каарманыбыз балдары менен көптөгөн россиялык фильмдерде тартылып, кытай, чыгыш ашканасын үйрөнүп, ашпозчу да болуп чыга келген. Гүлназ чет жерде жашоосу мынчалык өзгөрүп кетет деп ойлогон эмес.
— Кыргызстандан кетүүгө эмне түрткү болду?
— Россияга 2010-жылы бардык. Мен ал кезде "Кыргыз фонду" биржасында маалымат катчы болуп иштеп жүрчүмүн. Ошол кезде Максим Бакиев биржаны өзүнө алып калуу максатында рейдерлик аракеттерин баштаган. Кызматкерлердин баары эле эмне кыларын билбей ойлонуп калышты. Анын арасында мен дагы "канткенде жакшы жашоо болот" деп сарсанаа болуп, акыры Россияга кетүүгө туура келди. Ага чейин 2009-жылы экинчи уулум төрөлгөн. Балдарымды кайненем менен апама таштап, мартта Москвага келе бергенбиз. Башында абдан кыйналдык, жолдошум жумуш таппай кайра Кыргызстанга кетти. Мен калып, жалгыз иш издедим. "Документтериң туура эмес экен" деп милицияга алып барып камап да коюшту. Ошондо заманам куурулуп, кылмыш кылбай эле камалып кетемби деп жаман болдум. Бирок эртеси баары жайында экенин айтып коё беришкен. Ар кайсы жерде иштемиш болуп, туруктуу жумуш таппай эки ай жүрдүм. Анан бир эженин кеңеши менен австралиялык ашпозчу иштеген ресторанга жумушка бардым. Ал киши мигранттарга абдан жакшы мамиле кыларын айтышты. Барганда эле "ашпозчумун" деп коюуга кеңеш берген. Бирок аябай корктум, анткени картошка менен жумуртка кууругандан башка тамак жасаганды билчү эмесмин. Апам "сабак оку, үч тил билсең кайдан болбосун жумуш таап кетүүгө болот. Ал эми тамак жасаганды, кийим тиккенди кийин деле үйрөнүп аласың" деп окууга көп басым жасачу. Ошентип ресторанга барып, идиш-аяк, пол жууй турган жумуш издеп жүргөнүмдү айтсам, менеджери "бизге РФтин паспорту менен жумушчулар керек. Кыргыз паспорту менен албайбыз" деди. Кетейин деп жатсам, бир киши чыгып менеджерге англисче сүйлөсө тиги түшүнбөй жатат. Мен ага дароо которуп бердим. Экөө таң калып калды. Кыргызстанда котормочу болуп да иштечү элем. Анан эле европалык ашпозчу келген себебимди сураштырды, мен баарын айтып бердим. Ашканада иштеп көрбөгөнүмдү айтсам да "мага англис тилин билген ашпозчу керек, тамак жасаганды болсо үйрөнөсүң" деп жетелеп алып кирип кетти. Көрсө ал киши австралиялык бренд ашпозчу Жей Миллер экен. Ошону менен ишке кирип кеттим.
Гүлназ балдары менен көптөгөн россиялык фильмдерге тартылып, кытай, чыгыш ашканасын үйрөнүп, ашпозчу да болуп чыга келген
© Фото / предоставлено Гулназ Келсимбаевой
— Эч бир тамак жасоону билбесеңиз европа ашканасында иштеп кыйналган жоксузбу?
— Бул жер ортолук деңиз ашканасы болчу, жалаң байлар барчу. Бир эле бургер 1,5 миң рубль, стейк 2000 рублден башталган аябай кымбат ресторан эле. Ашканада акырындан баарын үйрөнө баштадым. Үч күндөн кийин муздак ашкананын менюсун, салаттардын түрлөрү кантип жасаларын үйрөнүп, кыздардын эмне кошуп жатканын жазып алып, баарын жаттап башкы ашпозчуга экзамен тапшырдым. Экзаменден ийгиликтүү өтүп, бир аз ашпозчу катары иштеп эле анан салат жана десерт даярдоочу муздак ашкананын су-шефи (бренд-шефтин жардамчысы) болуп калдым. Ошол эле октябрда кытай кафелерин ачып баштады. Кытай ашканасын жакшы үйрөнүп, төрт кафени караган су-шеф болуп көтөрүлдүм. Москванын чок ортосундагы Мамдуманын артында жайгашкан "Байыркы Кытай" ресторанына шеф-повар болууга чакырышты. Ал жакка барганда өзүмдүн командамды, менюмду түздүм. Бирок болгону бир жыл иштедим. Кожоюндар кытайлар эле, "эмнеге байыркы кытай ашканасынын башкы ашпозчусу кыргыз" деп жактырбай, акча төлөбөй баштаганда кетип калдым. Бир аздан кийин эле жабылып калды.
— Балдарыңызды алып келдиңизби?
— 2013-жылы балдарды алып келип мектепке киргизгенбиз. Ал эми 2017-жылы кыздуу болдук. Кыргызстанда балам түрк лицейинде окучу, ошол себептен түрк мектебине киргиздик. Баламды болсо бакчага бердик.
Россиялык тасмаларда роль жараткан Гүлназ Келсимбаева "Чики" сериалында Варвара Шмыкова жана Алена Михайлова деген актрисалар менен
© Фото / предоставлено Гулназ Келсимбаевой
— Сизди россиялык тасмалардан да көрүүгө болот. Бул тармакка кантип келип калдыңыз эле?
— Көбүнчө эпизоддук ролдорду жараттым. 2017-жылы экинчи баламды мектепке берсек, ал театралдык ийримге да катышкысы келерин айтты. Алып барсак балам билингвизм (эки тилде сүйлөп жана ойлонуу — ред.) менен жабыркарын айтып, "барып орус тилинде гана ойлонуп, сүйлөй тургандай үйрөтүп келгиле" дешти. Бирок балага муну кантип түшүндүрмөк элең. Ошону менен жок дегенде киного тартылсын деп массовкаларга катыша баштадык. Балам дароо эле россиялык киноактёр Алексей Чадов менен бир тасмага тартылып, ал уулумдан мыкты актёр чыгарын айтып, мактап жактырды. Кино тарткан топтун бригадирлери менин телефонумду алып, баламды ар кандай фильмге чакыра баштады. Анын арты менен биринчи жолу "Молодёжка" сериалына массовкага катыштым. Боюмда бар болчу. Кызыма эки ай болгондо "Идентификация" сериалынын бригадири чалып, аябай көп кыргыздар керек экенин айтты. Баарын таап бердим. Алар менен жолдошум, эки балам да тартылды. Мен пол жууган келиндин ролун аткардым. Барсам Эрнист Абдыжапаров, Курал Чокоев, Мээрим Атантаева да бар экен. Кийин төрт айлык кызым да тасмага түшүп, Мээрим Атантаева менен Курал Чокоевдин кызы болуп, ал эми Эрнест Абдыжапаров чоң атасы болду. Бул эстелик болуп калды окшойт.
Азыр экинчи уулум киного тартылып жүрөт. Улуу балам да киного тартылган, бирок операторлукту тандап алды. Учурда 2-курста окуп жатат.
— Тартылган фильмдериңизден эң жакканы жана ойноого оор болгону кайсы болду?
— Мага режиссёр Михаил Бородиндин "Продукты 24" фильмине тартылуу абдан жакты. Жылуу сезим калтырды. Тасма болгон окуяга негизделип тартылган. Мен анда башкы каармандардын бири сатуучу Надянын ролун ойнойм. Мында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген мигранттарды дүкөндө кул катары кармап, сабап, кордоп иштетишкен окуя чагылдырылат. Бул 2010-жылдары Москвада болгон окуя, гольяноволук кулдардын кайгылуу тагдырына байланыштуу. Ошондогу он жыл эшикке чыкпай, күн көрбөй, коркуп, чүнчүп, караңгы жайда иштеп, жашаган сабатсыз адамдардын тагдырын чагылдырдык. Бул долбоорго эки ай даярданганбыз. Тартылуу иштери башталганда мен толук даяр болуп калгам. Ошол учурда Надянын образына толук кирип, чүнчүп, баарынан коркуп, чөгүп да кеткем. Аны жан дүйнөм менен түшүнүп турдум.
Ал эми эң кыйыны "Идентификация" сериалындагы пол жууган аялдын ролу болду. Мен анда чындыкты билип турсам да тергөөчүдөн жашырып айтпайм. Анткени каарманым өзүнө кесепети тийип калабы деп корккон. Баарынан кыйыны кылганына өкүнүп ыйлаган жерин аткаруу болду. Камеранын алдында такыр ыйлай албай койдум. Атайын көздөн жаш чыгаруучу тамчыларды беришти, анда да майнап чыккан жок. Анан тасма талаасынан чыгып, жашооңдогу эң кайгылуу кезди эстеп, сейилдеп кайра келүүмдү айтышты. Ошондо таятамды эстедим. Мен кандай болсом, ошондой түшүнүп кабыл алган, колдогон жалгыз адамым эле. Аябай жакшы көрчүмүн, ал кишини эстеген сайын ыйлап жиберем (ыйлап). Анан жанагы эпизодду ошол абалымда аткардым. Кайра-кайра 15 дубль тартышты. Баарында тең ыйладым. Анткени таятамдын элеси көз алдымда туруп алды.
Гүлназ Келсимбаева: балдарым жакшы билим алып жатышат. Аларды окутууга кудуретибиз жетет. Мунун баары мен каалаган жашоо болчу.
© Фото / предоставлено Гулназ Келсимбаевой
— Москвага келгениңизге 12 жылдын жүзү болуптур да...
— Ооба, бул жакка келип кытай ашканасын үйрөндүм. Негизи Кыргыз-Россия славян университетинин орус филологиясын бүтүргөм. Үй-бүлөбүз да орус тилдүү эле. Ошол себептен кыргызча билчү эмесмин. Москвага келгени кыргыздарга котормочу болуп жардам берип жүрүп, кыргызча сүйлөгөндү да үйрөндүм. Кийин мигранттардын балдары үчүн атайын бала бакча ачып иштетип баштагам. Азыр мекендештердин көбү дүйнөнү каптаган кризистен улам балдарын бакчага бере албай калышты. Айрым ата-энелер Кыргызстанга кеткендиктен бакча жабылып калды.
— Киного тартылып жатасызбы?
— Ооба, жакында эле Антон Лапенко башкы ролду ойногон "Тополиный пух" фильмине тартылдым. Улуу балам да "Молодой человек" тасмасына тартылып бүтүп, эми ачылышы болот. Андан кийин "Вампиры средней полосы" деген сериалга чакыруу алган.
— Москва жашооңузду жакшы жакка өзгөртө алдыбы?
— Ооба, мен дагы бул шаарга жакшы жашоо издеп келгендерденмин. Кыргызстанда канча тырышпайын орто менеджерликтен көтөрүлө албай койдум. Эки жогорку билимдин ээсимин, англис, орус тилин мыкты билчүмүн. Мектепке кирсем көп болсо завуч болмокмун, анан 50 жашка чыкканда мүмкүн директорлукка жетишмекмин. Ал эми бейөкмөт уюмдарда, коомдук уюмдарда долбоор жазгандар гранттарды кантип бөлүштүрүп аларын да көргөм. Менин эки-үч долбоорум бар эле, "Ой, ачылышына кофе-брейк кыл. Аны сатып ал, минтүү керек" деп эле акчаңды сорот экен. Карапайым элди ойлогон эч ким жок. Сендеги потенциалды эч ким көргүсү келбейт. Ийгиликке жетишүүнү кааласаң кошоматчыга айланасың же өлкөдөн кетүү керек. Мен ошол себептен кеттим. Өкүнбөйм. Анткени Россияда мындай тоскоолдуктарды кезиктирген жокмун. Ошол себептен жашоом жакшы жакка өзгөрдү деп ойлойм. Москвадан жер там, батир жана унаа алдык. Бул эми азыр адамга керек болгон материалдык керектөөлөргө кирип калды. Мындан башка балдарым жакшы билим алып жатышат. Аларды окутууга кудуретибиз жетет. Мунун баары мен каалаган жашоо эле.