Кыргызстандык дзюдочулар Грузиядагы беделдүү турнирге катышат. Тизме

Мелдешке 40 мамлекеттен 325 спортчу ат салышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Алты кыргызстандык дзюдочу 3-5-июнда Tbilisi Grand Slam ("Чоң шлем") турнирине катышат. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясы кабарлады.
Грузияда өтө турчу мелдешке төмөнкү кыргызстандык спортчулар жөнөтүлөт:
Ханболот Ырысбеков (салмак категориясы 60 килограммга чейин);
Айбек уулу Кубанычбек (66 кг);
Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг);
Ратбек Жуманазаров (73 кг);
Владимир Золоев (81 кг), Токиодогу Олимпиада оюндарынын катышуучусу:
Эрлан Шеров (90 килограммга чейин).
Эл аралык дзюдо федерациясынын маалыматында мелдешке 40 мамлекеттен 325 спортчу катышат.
"Чоң шлем" турнири эл аралык турнирлердин рейтингинде Олимпиада оюндарынан, дүйнө чемпионатынан жана контингенттер аралык мелдештен кийин төртүнчү орунда турат.
Радио
Төлөгөн уулу: окуу-машыгуулардын саны өссө, боксто өнүгүү болот