Олимпиада, Азияны жеңген спортчуларга 10 млн. сомго чейин сый акы берүү сунушталды

Долбоордо профессионалдык жана жаштар арасындагы мелдештер үчүн өз-өзүнчө сумма каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Олимпиада (Паралимпиада) жана Азия (Азиялык пара) оюндарынан байге алган спортчуларга бир жолку сый акы берүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
Мындай норманы "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамга киргизүү демилгеленген. Авторлор — Жогорку Кеңештин депутаттары Коргонбай уулу Жусупбек, Нурбек Сыдыгалиев, Улан Примов, Шайлообек Атазов, Данияр Төлөнов, Таалайбек Масабиров, Тазабек Икрамов.
"Алдынкы спортчулар, кесипкөй машыктыруучулар, дене тарбия жана спорт жаатындагы башка адистер мамлекеттик социалдык колдоого алынышы шарт. Ошондой эле аларды жетишкендиктери менен эл аралык коомчулукта өлкөнүн аброюн бекемдөөгө шыктандыруу максатында бир жолку сый акы берүүнү мыйзам түрүндө бекемдөө зарыл", — деп жазылат документте.
Олимпиада жана Паралимпиада, Азия жана Азиялык пара оюндарынан медаль алган спортчуларга сунушталган сый акы:
Биринчи орун — 10 миллион сом;
Экинчи орун — 7 миллион;
Үчүнчү орун — 5 миллион.
Жаштар арасында Олимпиада жана Паралимпиада, Азия жана Азиялык пара оюндарынан медаль алган спортчуларга сунушталган сый акы:
Биринчи орун — 1 миллион сом;
Экинчи орун — 500 миң;
Үчүнчү орун — 250 миң.
Машыктыруучуларга өзүнчө сый акы:
Башкы машыктыруучу спортчу алган сый акынын 30 пайызына барабар;
Улук машыктыруучу — 25 пайыз;
Жеке машыктыруучу — 25 пайыз;
Биринчи машыктыруучу — 10 пайыз;
Дарыгер — 25 пайыз.
Мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууда турат. Сунуш-пикирлерди (0705) 102135 телефон номери аркылуу билдирсе болот.
Айсулуу, Мээрим, Акжол мамлекеттен канча стипендия алат. Жаңыланган тизме