Казакстан: жарылуудан кийин төрөт үйүнөн 100дөн ашык аял эвакуацияланды

Жарылуудан коопсуздук кызматкери каза болуп, төрөтканадан 100дөн ашуун аял эвакуацияланган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Чымкенттеги төрөт үйүнүн жанында жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.
Жарылуу "Межбольничная 138 аптека" ишканасына таандык имаратта болгон. Дарыкананын имараты талкаланган. Анын ээсинин айтымында, аталган жайда 2 тоннага жакын суутектин кычкылы сакталган. Кырсыктан коопсуздук кызматкери көз жумган, алдын ала берилген маалыматтар боюнча, ал 48 жашта болгон. Окуядан кийин Чымкенттин төрөт үйүнөн толгоо тартып жаткан жана жаңы төрөгөн 100дөн ашуун аял эвакуацияланган.
Кызматкерлер менен бирге алар башка төрөт үйүнө которулганын Тез жардам бөлүмүнүн башчысы Мадияр Жакшыбаев брифингде билдирди. Жарылуунун эпкининен жабыркаган жакын жайгашкан беш кабаттуу үйдүн жашоочулары да коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Казакстанда ТЭЦтин түтүгү урап түштү. Видео