Доллар 80 сомдон ылдый түштү, рубль кымбаттап жатат. 21-майга карата маалымат

Америкалык валютанын орточо курсу бир күндө 1,45 сомго төмөндөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында доллар менен евро арзандады, ал эми күйүүчү майдын баалары өзгөрүүсүз турат.
Валюта менен күйүүчү майдын баасы (сом) (21-май, 2022-ж)
Жума күнү эртең мененкиге салыштырмалуу долларды сатып алуу жана сатуунун орточо курсу 1,45 сомго төмөндөдү. Белгилей кетсек, кечээ күндүз америкалык валютаны сатып алуу 80 сомдон ылдый түшкөн. Орточо курс 1,2 сомго арзандаган.
Ошол эле учурда рубль күчүн бекемдеп, бир нече тыйынга кымбаттады. Теңге боюнча анчалык өзгөрүү байкалган жок. Күйүүчү майдын баасы да мурдагы күндөрдөгүдөй турат.
Ал эми алтын куймалары боюнча айтсак, Улуттук банк дем алыш күндөрү аларды сатпайт.
Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногунан 20,5 млн. доллар сатып алды