БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Башкы прокуратура Жумгал райондук сотунун судьясы менен прокурор чогуу пара алып жаткан жеринен кармалганы анык деген билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, кечээ Башкы прокуратура судья А.А. менен райондук прокурордун орун басары О.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом пара алып жаткан учурда кармалганын билдирген. Ал эми бүгүн Соттор кеңеши судьяны эч ким кармабаганын айтып, Башкы прокуратураны жалган маалымат таратпоого чакырган.
Көп өтпөй башкы көзөмөл органы эки шектүүнүн пара алып жаткан учуру толугу менен видеого тартылган деген маалыматын таратты.
"Кармалган күнү райондук прокурордун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу маселеси мыйзамда каралган тартипте чечилет", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам боюнча судьялар башкы прокурордун сунушу боюнча Соттор кеңешинин макулдугу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат.