Айтылуу диктор Бактыбек Мамытовдун сөөгү бүгүн жерге берилди

Коштошуу зыйнаты Кыргыз телерадиоберүү корпорациясында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргыз эл артисти, жогорку категориядагы диктор Бактыбек Мамытовдун сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Бүгүн Кыргыз телерадиоберүү корпорациясында диктор менен коштошуу зыйнаты өттү. Аны акыркы сапарга узатууга туугандарынан сырткары мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, КТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев жана кесиптештери катышты.
1 / 3

Кыргыз эл артисти, жогорку категориядагы диктор Бактыбек Мамытовдун сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

2 / 3

Бүгүн Кыргыз телерадиоберүү корпорациясында диктор менен коштошуу зыйнаты өттү.

3 / 3

Аны акыркы сапарга узатууга туугандарынан сырткары мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, КТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев жана кесиптештери катышты.

Алар Мамытовдун баскан жолундагы бараандуу эмгектери, телевидениеге кошкон зор салымын эскерип, түбөлүккө кош айтышты.
КРдин эл артисти Бактыбек Мамытов кечээ, 20-майда, 72 жаш курагында дүйнө салды. Жакын санаалаштарынын айтымында, көптөн бери жүрөгү ооруп жүргөн.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Теле жана радионун босогосун 21 жашында аттап, ошондон баштап чыгармачылык менен алектенип келген.
КТРКдагы "Арноо концерти" куттуктоо программасынын алып баруучусу катары элдин эсинде калды. КРдин эл артисти, Даңк медалынын ээси, жогорку категориядагы диктор.
Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы... Бактыбек Мамытовго жазылган некролог