Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Первомайск мэри украин аскерлери аткылаган жерлерди көрсөттү. Видео

Калаа башчысы шаршемби күнү Украина тараптын артиллериялык аткылоосунан үч жай жаран жаракат алгандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Февралдын аягынан бери Луганскидеги Первомайск шаарынын отузга чукул жашоочусу украиналык аскерлердин аткылоосунан жабыркады. Бул тууралуу аталган калаанын башчысы Сергей Колягинге таянып РИА Новости кабарлады.
Мурдараак мэр аталган агенттикке украиналык аскерлердин дайыма аткылап турганын жана аймактын суу блокадасында калгандыгын билдирген эле.
"Бүгүн эртең мененки күнгө чейинки сандарды айтсам (19-май – ред.), Первомайск шаарынын жана анын административдик башкаруусунда турган калктуу жайлардын 32 тургуну жарадар болду", — деген Колягин.
Ал шаршемби күнү украина тараптын артиллериялык аткылоолорунан үч жай жаран жаракат алгандыгын билдирген.
Мэрдин аткылоо туурасында айтып бергени жана жаракат алган кишинин видеосу РИА Новостинин telegram-каналына жарыяланды.
Колягин февралдын аягынан тарта Первомайскинин инфраструктурасынын 1,1 миңден ашуун объектиси каршылаш тараптын аткылоосуна учурагандыгын кошумчалаган.
"Шаардын инфраструктурасын билип туруп эле атайылап талкалоо жүрүп жатат. Алар турак жай фонду, социалдык тармак. Бүгүнкү күнгө алып эсептегенде 1150 объект зыян тартты. Алар — 750 турак жай фонду жана шаардыктардын жашоосуна зарыл болгон шарттар менен камсыздай турган социалдык объектилер", — деген Колягин.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Мамлекет башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполь тургуну: кошуналарды атып, батирлерди өрттөштү. Видео