Нарын драма театры Бишкекте. Спектаклдердин тизмеси жана убактысы

Спектаклдер бир жума бою кыргыз драма театрында көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры 85 жылдык мааракесине карата отчёттук театр жумалыгы менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан кабарлады.
Ага ылайык, алар бир жума бою Бишкек шаарынын тургундары менен конокторуна өнөрлөрүн тартуулайт.
Нарын драма театры көрсөтө турчу спектаклдер:
20-май, саат 18:30да — "Көчмөндөр" спектакли, Качкынбай Осмоналиевдин "Көчмөндөр кагылышы" романынын негизинде сахналаштырылган;
21-май, саат 18:30да — "Актриса", Кайрат Иманалиев;
22-май, 18:30да — "Шыпыргы өмүр", Кожогелди Култегин;
23-май, саат 18:30да — "Оо, кыздар", Султан Раев.
Улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын жыйынтыгы чыкты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси