УКМКнын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге Июнь окуясы боюнча айып тагылды

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү сыртка чыкпоо тил катын берип сурактан чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Июнь окуясы боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдагы УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге айып тагылды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга өзү тастыктады.
Ал атайын кызматтын башында турган учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Дүйшөбаевдин айтымында, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов да айыпталууда. Алар сыртка чыкпоо тил катын берип сурактан чыгышкан.
1 / 2

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков

2 / 2

Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов

"Айыптоо толугу менен далилсиз. Биз муну саясий буюртма деп эсептейбиз. Максаты — коомчулукту учурдагы көйгөйлөрдөн алаксытуу. Менин билгеним боюнча, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө да айыптоо жана бөгөт чаралары даярдалууда", — деди УКМКнын мурдагы төрагасы.
Белгилей кетсек, 2010-жылы 10-июнда улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Бул эл арасында "Июнь коогасы" деп айтылып калды. Расмий маалыматтар боюнча, каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракат алган.
57 адам дайынсыз жоголуп, 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.
Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Сүрөт