БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча докладында климаттык катастрофа жакындап калганы даана көрсөтүлгөн. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.
"Дүйнөлүк энергетикалык система бузулду. Бул бизди климаттык кыйроого жакындатып жатат", — деген Гутерриш.
Ал деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, океандагы температуранын жана кычкылдуулуктун жогорулашы боюнча 2021-жылы катталган рекорддук көрсөткүчтөрдү белгиледи.
Мындан улам БУУнун башкы катчысы энергетика системасындагы өзгөрүүнү тездетүү чараларын сунуштаган. Ал планета үчүн зыяны жок шамал менен күндүн энергиясы жеткиликтүү экенин эскерткен.
Гутерриш мамлекеттерди күн жана шамал энергетикасы тармагындагы долбоорлорду эртерээк бекитүүгө үндөп, электр түйүндөрүн модернизациялап, отун ресурстардын казып алынышын колдоону токтотууга чакырган.