Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы... Бактыбек Мамытовго жазылган некролог

Мамытов өлкө алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн Даңк медалы менен сыйланып, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президенттин администрациясы белгилүү диктор, КР эл артисти Бактыбек Мамытовдун көз жумганына байланыштуу некролог жарыялады.
Эскерте кетсек, Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында көз жумган.
Айтылуу алып баруучу 1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадиокомитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.

"Бактыбек Мамытов диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү алып барды. Өзгөчө "Кыргызстан" саясий-аналитикалык көрсөтүүсү, "Арноо концерти" сыяктуу берүүлөр элдин эсинде. Мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барган. Анын кайталангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы көрүүчү, угуучуну арбап алар эле. Ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары Бактыбек Мамытов эл сыймыгы, эл адамына айланды", — деп айтылат некрологдо.

Мамытов өлкө алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн Даңк медалы менен сыйланып, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылган.
Бийлик кыргыз телеберүүсүнө чоң салымын кошкон Бактыбек Мамытовдун элеси жүрөктө сакталарын айтып, маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.
Диктор Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты качан, кайда болору айтылды