Айтылуу алып баруучу Бактыбек Мамытов дүйнө салды

Кыргыздын көрүнүктүү инсаны көп жылдан бери ооруп жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. КР эл артисти, белгилүү алып баруучу жана диктор Бактыбек Мамытов көз жумду. Кабарды жакындары тастыктады.
Алардын айтымында, алып баруучу көптөн бери ооруп жүргөн.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Ал теле жана радионун босогосун 21 жашында аттап, ошондон баштап чыгармачылык менен алектенип келген.
Мамытов көп жыл КТРКда "Арноо концертин" алып барган. КР эл артисти, Даңк медалынын ээси.
Байбичем бир өлүмдөн сактап калган. Айтылуу диктор Бактыбек Мамытов менен маек